Коомдук транспортто "иштеп" далайды куруткан чөнтөкчүлөр кармалды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба УВД Первомайского районаТабылган акча
Табылган акча - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2023
Жазылуу
Топтун ичинде 14 жаштагы өспүрүм бар.
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Борбор калаада коомдук транспортто көптөн бери чөнтөк уурулугу менен алектенген деп үч киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди.
Милициянын маалыматында тартип сакчыларына шаар тургуну кайрылганы айтылат. Аял 11-сентябрь күнү "Кудайберген" базары жакта маршруткада баратып, 43 миң сом салынган капчыгын уурдаткан. Бул факт боюнча Биринчи май райондук милициясы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Уурулук" беренеси боюнча иш козголгон.
Ыкчам аракеттердин натыйжасында ШИИБ кызматкерлери шектүүлөрдүн изине түшкөн. Териштире келгенде алар 28, 29 жаштагы кишилер жана 14 жаштагы өспүрүм экени аныкталды. Кармалгандар шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ал эми өспүрүм бала Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнө өткөрүп берилди.
"Тергөө учурунда аталган топ атайы түзүлгөн схема менен иштегени ачыкталды. Шектүүлөр алгач Lexus IS200 автоунаасы менен маршруткалардын артынан жүрүп отуруп, бир аздан соң жүргүнчү катары ага түшкөн. Андан соң уурулук кылышкан. Тинтүү учурунда машинадан 18 уюлдук телефон, 19 миң 400 сом, үч бычак, үч паспорт, банк карталары, соода маркеттеринин карталары, сим-карталар, мини флеш-карталар, пневматикалык тапанчанын желим октору табылган", — деп айтылат маалыматта.
Учурда шектүүлөрүдүн башка кылмыштарга тиешелүүлүгү тастыкталганы белгиленди. Тергөө уланууда.
Милиция чөнтөкчүлөрдөн жабыркагандар болсо 0(706) 102-102 и 0(707) 75-75-51 же 102 телефондору аркылуу байланышууга чакырат.
Ачкыч. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2023
Батир беребиз деген шылуундар тузакка кантип илишет? Милициянын эскертүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0