Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Маммолог: турмушка кеч чыгуу эмчек рагын пайда кылышы мүмкүн

© SputnikОнколог, маммолог, медицина илимдеринин доктору Кыял Макиева
Онколог, маммолог, медицина илимдеринин доктору Кыял Макиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2023
Жазылуу
Онколог, маммолог, медицина илимдеринин доктору Кыял Макиева эмне себептен аялдар эмчек рагы менен ооруй турганын айтты.
30 жаштан кийин төрөгөн аялдарда эмчек рагынын пайда болуу тобокелчилиги жогору экенин Кыял Макиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Маммолог: турмушка кеч чыгуу эмчек рагын пайда кылышы мүмкүн
Анын айтымында, гормондордун бузулушуна жана эмчек рагынын пайда болушуна бир канча себеп бар.
"Ичимдик ичүү, тамеки тартуу, уйку режиминин бузулушу, туура эмес тамактануу, аборт, узак убакытка жыныстык катнашта болбоо, кош бойлуу болбоо үчүн ар кандай таблеткаларды ичүү, ашыкча салмак жана турмушка кеч чыгуу гормондордун бузулушуна жана эмчек рагы оорусунун жаралышына алып келиши мүмкүн. 30 жаштан кийин төрөө жана төрөп деле баланы эмизбөө аталган ооруну шартташы ыктымал. Ошондой эле бул дарт тукум куушу мүмкүн. Азыркы кезде аялдардын аң-сезими жогорулап, текшерүүдөн өтүп тургандары көңүл жылытат", — деди Макиева.
Ал организм 23 жашта жетилерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0