Песков Путин менен Ким Чен Ын бири-бирине кандай белек бергенин айтты

© Фото / POOL / Медиабанкка өтүүРоссия лидери Владимир Путин Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын менен
Россия лидери Владимир Путин Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2023
Жазылуу
Ким Чен Ын Россияга Путиндин чакыруусу менен 12-сентябрь күнү келген.
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ынга космоско барып келген космостук скафандрдын кол кабын жана ата мекендик өндүрүштөн чыккан мылтык белек кылды. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
"Чынында эле белек алмашуу болду. Биз мындай нерселерди коомчулукка көп эле чыгара бербейбиз. Бирок президент Путин кореялык лидерге космосто бир нече ирет болгон скафандрдын кол кабын жана биздин ата мекендик өндүрүштөн чыккан мылтык белек кылганы анык", — деди ал.
Песковдун айтымында, Ким Чен Ын да Путинге белек камдай келген. Ал түндүк кореялык чеберлер жасаган мылтык белек кылган. Анын мындан башка дагы белектери болгон.
Эске салсак, Ким Чен Ын Россияга Путиндин чакыруусу менен 12-сентябрь күнү келген. Эртеси "Восточный" космодромунан Ким Чен Ынды Путин өзү тосуп алган. Тараптар ошол жерде эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Россиянын президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын Мамлекеттик кеңешинин төрагасы Ким Чен Ын. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2023
Ким Чен Ын Путин менен эки өлкөнүн стратегиялык кызматташуусун талкуулады
Жаңылыктар түрмөгү
0