Кабинетке жеткиче иштен кетесиңер. Акылбек Жапаров чиновниктерге эскертүү берди

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архивдик сүрөт
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров күз-кышка даярдык боюнча жыйын өткөрүп, аткаминерлерге катуу эскертүү берди.
"Кыш күтүүсүз келип калды" деген сөзүңөрдү укпайын. Кышка даярдык 100 пайыз болушу керек. Былтыр Майлы-Суу шаарында болгон окуя сыяктуу жагдайлар дагы кайталанса дароо жумуштан бошоп, кабинетиңерге барганга үлгүрбөй каласыңар", — деди өкмөт башчы.
Ошондой эле ал ар бир үй-бүлөнү эмитен кышка даярданып, суук түшкөнчө турак жайын жылуулап, көмүр камдап алууга чакырды.
Ал эми электр энергиясын үнөмдөө боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө тапшырма берген.
Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында катуу сууктан улам быйыл 12-январда суу кампасындагы түтүктөр тоңуп, андан соң отканаларга суу толук келбей жылуулук берүү да үзгүлтүккө учураган. Мындан улам калаага өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Бишкекте ысык суу менен жылуулукка болгон тарифтердин жогорулашы. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2023
Бишкекте айрым абоненттер үчүн ысык суу менен жылуулуктун тарифи өсөт
Жаңылыктар түрмөгү
0