Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

ЕАЭБде дары-дармек каттоону бир стандартка алып келүү иштери жүрүүдө

© Sputnik / Асель СыдыковаДары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Исабек Исмаилов
Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Исабек Исмаилов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2023
Жазылуу
Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Исабек Исмаилов ЕАЭБде дары-дармек каттоону жөнөкөйлөтүү иштери жүрүп жатканын айтты.
Бир нече жыл мурун эле Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ аймагында дары-дармекти каттоону бир стандартка алып келүү ишин баштаган. Мамлекеттик кызыкчылыкты эске алуу менен каттоо досьелери уюмдун талаптарына шайкеш келтирилип жатат. Бул тууралуу Исабек Исмаилов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
ЕАЭБде дары-дармек каттоону бир стандартка алып келүү иштери жүрүүдө
Анын айтымында, ЕАЭБде дары-дармек каттоону жөнөкөйлөтүү иштери жүрүүдө.
"Евразия экономикалык биримдигине мүчө-өлкөлөрдүн жалпы дары-дармек рыногу түзүлө баштагандан бери узак жол өттү. Учурда ЕАЭБдин бирдиктүү фармацевтикалык рыногу өнүгүү жолунда. Дары каражаттары жана медициналык буюмдарды каттоо, чыгарылган ар бир партиясынын сапаттуу болушун талап кылуу, препараттын өндүрүлүп колдонууга берилишинин баары улуттук жана ЕАЭБдин укуктук-нормативдик документтери менен тыкыр көзөмөлдөнөт. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 9500дөн ашык фармацевтикалык каражат катталган. Анын 6500дөйү дары-дармек болсо, 3000и медициналык буюм болуп эсептелет. Бир нече жыл мурун эле Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ аймагында дары-дармек каттоону бир стандартка алып келүү ишин баштаган. Мамлекеттик кызыкчылыкты эске алуу менен каттоо досьелери уюмдун талаптарына шайкеш келтирилип жатат. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн чечими боюнча дары-дармекти улуттук каттоо 2023-жылдын 31-декабрына чейин уланат. Ал эми ЕАЭБдин дары-дармек каражаттарын жүгүртүү рыногун ийгиликтүү түзүү үчүн дары-дармек каражаттарынын каттоо досьелерин ЕАЭБ талаптарына шайкеш келтирүү убактысы 2025-жылдын 31-декабрына чейин деп белгиленген", — деди Исмаилов.
Ал ЕАЭБ өлкөлөрү бирдиктүү стандартка кирсе дагы башка препараттарды алып келип, дарынын сапатын жакшыртууга шарт түзүлөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0