Өлкөдө кызамык, кызылчага каршы эмдөө боюнча байланыш борбору иштеди

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOМедицина кызматкерлери бейтаптарды эмдөөдө учурунда. Архив
Медицина кызматкерлери бейтаптарды эмдөөдө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2023
Жазылуу
Ата-энелер борборго чалып эмдөөгө байланышкан суроолорго жооп ала алат.
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Республикалык эмдөө борборунун базасында кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө маселелери боюнча байланыш борбору иштей баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.
Мекемеден билдиргендей, эми ата-энелер эмдөөгө байланышкан суроолор боюнча жоопторду байланышка чыгып ала алат.
"Кызамык — коркунучтуу жугуштуу оору, вирустун кесепеттери оор болуп, өлүмгө алып келиши мүмкүн. Эмдөө — ооруну алдын алуунун жалгыз гана натыйжалуу ыкмасы болуп саналат", — деп айтылат министрликтин маалыматында.
Байланыш борбору күн сайын саат 08:00дөн 18:00гө чейин иштейт:
+996 (551) 880 229
+996 (708) 521 710
+996 (703) 126 442
+996 (501) 323 011
+996 (999) 323 011
+996 (312) 323 011
Ооруканада жаткан бөбөк. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2023
Эмдөөдөн өткөн эмес. Кыргызстанда кызылчадан эки бөбөк чарчап калды
Жаңылыктар түрмөгү
0