Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБорбор Азия өлкөлөрүн президенттери. Архив
Борбор Азия өлкөлөрүн президенттери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2023
Жазылуу
Өлкө лидерлеринин жолугушуусу Нью-Йорк шаарында өтмөкчү.
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. АКШнын президенти Жо Байден кийинки аптада Борбор Азиядагы беш мамлекеттин башчылары менен жолуга турганын президенттин кеңешчиси Жейк Салливан кабарлады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Президент Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери менен жолугат. Бул С5+1 форматында өтө турган тарыхтагы биринчи президенттик саммит болот", — деди Салливан.
Жолугушуу Нью-Йоркто өтмөкчү. БУУ Башкы ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги жыл сайын өтүүчү жыйыны дал ушул учурга пландалган.
АКШ президенти Жо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2023
Ак үй Байдендин курагына тынчсызданган америкалыктарга жооп берди
Жаңылыктар түрмөгү
0