Кыргызстандык ырчы Россиядагы конкурста жарым финалга чыкты. Видео

Жазылуу
Кыргызстандык ырчы Азат Раимбердиев Россиянын популярдуу вокалдык "Ну-ка, все вместе!" шоусунун жарым финалына өттү.
Аткаруучу Уитни Хьюстондун "I Have Nothing" ырын аткарганы үчүн калыстар тобунун толук 100 упайын алды. Айрымдары Раимбердиевдин талантына суктанып, гений деп аташты.
Бул шоунун бешинчи мааракелик сезону. Долбоордун башкы байгеси — беш миллион рубль. Быйыл КМШ өлкөлөрүнөн, Израилден, Аргентинадан ырчылар катышууда.
Раимбердиев "Моя принцесса" ыры менен таанымал болгон Delmar тобунун солисти.
"Чыгармачылык жолумда Россиядагы музыкалык сынактарга, шоуларга катышууга көп аракет кылдым, бирок болбой жатты. Аягында бул туңгуюктан чыгууга туура келди. Акыркы жолу мындан эки жыл мурун Биринчи каналдагы "Голос" долбооруна илешпей калгам", — деди ырчы.
Тема боюнча:
Атай Өмүрзаковдун тобу America’s Got Talent 2023 шоусунда таң калтырды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0