Бишкектеги марафонго миңдеген адам катышты. Видео

Жазылуу
Бишкекте Snow Leopard Run жарым марафону өттү. Уюштуруучулар жарышка беш миңдей адамдын катышуусу күтүлүп жатканын айтышкан.
Катышуучулар 1, 5, 14 жана 21,1 чакырымга чуркады. Балдар үчүн дагы марафон уюштурулду.
"Ак илбирсти сактайбыз" жарым марафону — эл аралык кайрымдуулук жарышы. Анын максаты — ак илбирсти сактоого күч жумшаган уюмга же адамга колдоо көрсөтүү.
Жыл сайын катышуучулар төлөгөн каражаттын бир бөлүгү кайрымдуулукка жумшалып келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0