Тайырбек Жумашбек уулу күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль утту

© Фото / United World Wrestling / Kadir CКыргызстандык Тайырбек Жумашбек уулу. Архивдик сүрөт
Кыргызстандык Тайырбек Жумашбек уулу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2023
Жазылуу
Балбан 61 килограмм салмак категориясында беттешти.
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кыргызстандык Тайырбек Жумашбек уулу Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча чемпионатта коло медаль утту.
Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматы боюнча, балбан 61 килограмм салмак категориясында беттешип, алгач азербайжандык балбанды 5:0 эсебинде, чейрек финалда түркиялык балбанды 4:2 эсебинде утуп жарым финалга жолдомо алган.
Ал эми жарым финалда АКШ балбаны Виталий Аруджау менен күч сынашып жеңилген.
Коло байге үчүн күрөштө Тайырбек Жумашбек уулу япониялык балбанды 2:1 эсебинде жеңип, 3-орунду ээледи.
Бул – дүйнөлүк чемпионаттагы кыргыз курама командасынын биринчи медалы.
Жалал-Абаддын Мурас Юнайтед футболдук клубу Канттын Абдыш-Ата клубун жеңип, Кыргызстандын кубогуна ээ болду.  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2023
"Мурас Юнайтед" Кыргызстандын кубогуна ээ болду. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0