NASA быйылкы жай тарыхтагы эң ысык мезгил болгонун айтты

© AFP / JEFF PACHOUDФранцияда ысыктан улам көлчөктүн кургашы. Архивдик сүрөт
Францияда ысыктан улам көлчөктүн кургашы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2023
Жазылуу
NASA администратору рекорддук температура жөн гана сандар эместигин, ал апааттуу кесепеттерге алып келерин айтты.
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. 2023-жылдын жайы Жер планетасындагы 1880-жылдан, тагыраагы, байкоо жүргүзүлүп келген убакыттан берки эң ысык мезгил болгонун NАSА билдирди.
Аталган агенттик кооптуу сандарды Годдард атындагы космосту изилдөө институтунун маалыматына таянып берген.
Бул жайда отчёт жүргүзгөн башка жылдарга салыштырмалуу Фаренгейт боюнча (Цельсия боюнча 0,23) 0,41 градуска ысык болгонун айтышты. 1951 жана 1980-жылдар арасындагы сандар боюнча F 2,1 градуска (1,2 С) жылуураак. Температура август айында эле орточо көрсөткүчкө караганда 1,2 градуска жогору болгон.
"Рекорддук температура — жөн гана сандар эмес, ал апааттуу кесепеттерге алып келет. АКШдагы жанды алсыраткан аптаптан тарта Канададагы токой өрттөрү, Европа менен Азиядагы суу ташкындары. Жаратылыштын кескин өзгөргөн мындай кубулуштары жер жүзүндө адам өмүрүнө кооптуулук келтирет", — деген NASA администратору Билл Нельсон.
Анын айтымына караганда, климаттын өзгөрүшү планета жана адамзаттын болочок муунуна кесепетин тийгизип, кооптуулук жаратат.
Сириядагы ысыкта бала суунун астында башын кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2023
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
Жаңылыктар түрмөгү
0