Үчөө тең пилот болгон. Элчи Түркияда кырсыктаган тик учак тууралуу

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүТик учактагы пилоттун шлеми. Архивдик сүрөт
Тик учактагы пилоттун шлеми. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Түркияда кырсыктаган тик учактагы төрт адамдын баары пилот болгон (үчөө кыргызстандык). Бул тууралуу элчи Руслан Казакбаев билдирди.
Анын айтымында, үч кыргызстандык Түркияга келишим менен эки айга келген.
Куткарылган пилот Эркин Исабеков ооруканада, абалы жакшы. Туугандары ооруканага бүгүн-эртең барып калары күтүлүүдө. Түрк басылмалары кыргызстандык учкуч жээкке өзү сүзүп чыгып, куткаруучулар аны ошол жерден табышканын жазышууда.
Эске салсак, Түркиянын Измир провинциясындагы токойдо өрт чыгып, аны тик учактын жардамы менен өчүрүп жатышкан. Учак жекшемби күнү "Тахталы" суу сактагычынан суу алып жатканда кулаган.
Алматыда түрк мамлекеттеринин катышуусу менен машыгуу өтүүдө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2023
Алматыда түрк мамлекеттеринин катышуусу менен машыгуу өтүүдө. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0