Россияда эмгек мигранттары үчүн адаптациялык курстар иштелип чыкты

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЭмгек миграттары. Архивдик сүрөт
Эмгек миграттары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2023
Жазылуу
Мындан мурдараак Нижний Новгороддо мектептин короосуна мигрант жумушчулардын кой союп, турникке илип алып жиликтегени жергиликтүү элдин реакциясын жараткан.
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Улуттар иштери боюнча федералдык агенттик (ФАДН) Борбор Азиядан келген эмгек мигранттар үчүн адаптациялык курс иштеп чыкты, анда Россиянын мыйзамдары жана аталган өлкөдө жүрүү тартиптери (жүрүм-турум эрежелери) жазылганын ТАСС жазды.
ФАДНдин жетекчиси Игорь Баринов бул туурасында Чыгыш экономикалык форумунда айткан.
Аталган форумдагы пленардык жыйында Россия лидери Владимир Путин Россияга мигранттардын агымына байланыштуу кырдаалга дыкаттык менен карап, геттонун пайда болушуна жол бербөө зарылдыгын белгилеген.
"Борбор Азиядан келген эмгек мигранттар үчүн типтүү, адаптациялык курстун материалы иштелип чыкты. Анда негизги деп эсептелген бир нече тема бар. Биринчи иретте эмгек миграциясына байланыштуу мыйзам. Анын ичинде тиешелүү документтерди жазып, толтуруу, аны менен катар эле россиялык коомдо, өзгөчө маанилүүсү коомдук жайларда өзүн алып жүрүүнүн нормалары белгиленген. Бүгүнкү күндө, тилекке каршы, бизге ким кандай максатта келип жатканына байкоо салчу бул нерселер же иштебейт, же начар иштейт. Элде негативдүү нерсени Борбор Азия республикаларынын өкүлдөрүнүн бул жерде жүрүшү эмес, алардын кээ бирлеринин девианттык (коомдогу укук жана же каада-салтка жат, коомчулукка коркунуч келтирген жүрүм-турум) кылык-жоруктарды жаратып жатат", — деген Баринов.
Ал Россиядагы ФАДН өлкөгө келген эмгек мигранттарынын арасында жүргүзгөн социалдык сурамжылоонун маалыматтары менен бөлүштү. Респонденттердин 43,5 пайызы светтик мыйзамдарга караганда шарияттын мыйзамдарын өйдө коёт, ал эми 24 пайызы Россияда шарият боюнча жашаш үчүн укугун коргоп, нааразылык акцияга чыгууга даяр экенин белгилешкен.
"Дал ушундан улам мындай адамдарды ичкери коё бербеш үчүн фильтр керек. Адаптациялык борборлорду түзүү идеясы да көпчүлүгү ушундай нерседен улам келип чыкты. Алар үчүн атайын курс иштелип чыгып, учурда аны Калининградда, Москва облусунда, Пермде жана Краснодор аймагында сынамык кылып иштетип жатышат. Негизги максат — миграциялык чөйрөдөгү чыңалууну жандыруу, аларга эмнени жасаш керек, эмнелерди кылганга болбой турганын айтып, кайсы учурларда жазадан качып кутулууга мүмкүн эместигин түшүндүрүү. Эгерде Нижний Новгороддогудай болуп балдар аянтчасына кой сойсо, ал үчүн жоопкерчиликке тартылат", — деген федералдык агенттиктин башчысы.
ФАДН жетекчиси аны менен катар эле РФке иштегени келгендер Россиянын мыйзамдарын сактай турганын, мамлекеттин укуктук системасы менен маданий чөйрөгө аралашып кетип жатканын белгилеген.
Ал "эшик ачык" экендигин, ал эми иштелип чыккан курстар адаптациялык процессти жеңилдетерин айткан.
Москвадагы мигранттар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2023
Быйыл үч айда Россияга 173 миң кыргызстандык мигрант барган
Жаңылыктар түрмөгү
0