Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Психолог: баланын сабакка болгон кызыгуусу мугалимге байланыштуу

© Sputnik / Асел АкматПсихолог Шолпан Мамытова. Архивдик сүрөт
Психолог Шолпан Мамытова. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2023
Жазылуу
Психолог Шолпан Мамытова окуучу үчүн мугалимдин сентябрь айындагы мамилеси өтө маанилүү экенин айтты.
Башталгыч класстын окуучуларынын сабакка болгон кызыгуусу түздөн-түз мугалимден көз каранды. Мындай пикирин Шолпан Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Психолог: баланын сабакка болгон кызыгуусу мугалимге байланыштуу
Анын айтымында, агай-эжеси көп урушкан баланын мектепке баруу каалоосу жоголот.
"Мугалимдин балдарга жасаган мамилеси өзгөчө сентябрь айында өтө маанилүү. Анткени бул ай адаптация учуру. Каникул учурунда бала эс алып жүргөндүктөн, окуу процессине көнүү ар бир окуучунун кабыл алуусуна жараша болот. 5-класстан кийин окуучу жоопкерчиликти өзүнө алып калат. Ал эми башталгыч класстын окуучулары үчүн мектептин кызыктуу болуусу мугалимге байланыштуу. Эгер бала окуу куралдарынын айрымдарын унутуп койсо сентябрь айында мугалим түшүнүү менен кабыл алыш керек. "Эмнеге унуттуң?!" деп урушкан сайын бала мектепке келгиси келбей калат. Айрым окуучулардын каникулдан кийин эске тутуу жөндөмү акырындан калыбына келиши ыктымал. Мугалим балага жумшак да, катуу да мамиле жасабашы керек. Башталгыч класстагы мугалимдин айткан сөздөрү кийин бала чоң класска барганда да таасир этиши мүмкүн", — деди психолог.
Ал сентябрда мугалим окуучудан жайкы каникулун кантип өткөргөндүгүн сураганы маанилүү экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0