АКШнын мамлекеттик карызы биринчи ирет 33 трлн. доллардан ашты

© Sputnik / Сергей МамонтовАКШнын Финансы министрлигин имараты. Архив
АКШнын Финансы министрлигин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик карызы 33 триллион доллардан ашып, кезектеги рекордун койду. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Финансы министрлигинин сайтындагы маалыматта карыздын жалпы суммасы 33,044 триллион долларга жеткени кабарланган.
Июндун соңунда АКШ президенти Жозеф Байден мамлекеттик карыздын чегин жогорулатуу боюнча мыйзамга кол койгон. Бул Америка бийлигин дефолтко кабылтпоо үчүн жасалган чара болчу. Ал учурда көрсөткүч 31,95 триллион доллардын деңгээлинде эле. Бирок ошол эле айдын орто ченинде мамлекеттик карыз 32 триллион доллардын чегинен ашкан.
Долларовые купюры. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2023
АКШнын айласын кетире турган көйгөй дефолт эмес, башка. Экономисттин пикири
Жаңылыктар түрмөгү
0