Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Эксперт: өлкөлөрдүн өз багытын тандоосу Россиядан оолактоого айланбаш керек

© Sputnik / Жантай МакеновМГИМОнун Эл аралык изилдөөлөр институтунун илимий кызматкери, Горчаков атындагы коомдук дипломатия фонду менен Россиянын эл аралык иштер боюнча кеңешинин эксперти Сергей Маркедонов
МГИМОнун Эл аралык изилдөөлөр институтунун илимий кызматкери, Горчаков атындагы коомдук дипломатия фонду менен Россиянын эл аралык иштер боюнча кеңешинин эксперти Сергей Маркедонов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2023
Жазылуу
Бардык нерсени бир алкактан алып кароо аракети мурдагы СССРдин мейкиндигин өз ара иштешүү зонасына эмес, тирешүү аянтчасына айлантты.
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Россияга каршы максаттар негизги темага, ал эми мамлекеттердин өзүн аныктоосун Россиядан жүз бурууга айлантуунун кереги жок. Бул туурасында МГИМОнун Эл аралык изилдөөлөр институтунун илимий кызматкери, Горчаков атындагы коомдук дипломатия фонду менен Россиянын эл аралык иштер боюнча кеңешинин эксперти Сергей Маркедонов билдирди.
Ал бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "КМШдагы геосаясат — чакырыктар жана келечек" аттуу тегерек столго катышты.
Эксперттин айтымында, жөнөкөйлөтүү аракети, бардык нерсени бир алкактан алып кароо аракети мурдагы СССРдин мейкиндигин өз ара иштешүү зонасына эмес, тирешүү аянтчасына айлантты. Мындай кырдаалдан чыгуунун жолу — Россия менен НАТОнун бирин тандап кетүү эмес, ар бир мамлекеттин улуттук кызыкчылыгы болушу керек.
"Мен куру нерселерге ишине берген адам эмесмин, улуттук кызыкчылыктар Грузия, Молдова жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгүдөй болуп Россияныкынан айырмаланат. Бирок алар башкы тема катары Россияга каршы максаттарды койбошу керек. Башкача айтканда, өзүн-өзү аныктаганын Россиядан жүз буруп кетүүгө айлантпашы зарыл", — эксперт.
Росатом мамлекеттик корпорациясынын электрохимиялык заводунун жумушчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2023
Россия АКШ менен Европада пайда көрүүнүн дагы бир жолун тапты
Жаңылыктар түрмөгү
0