КРСУнун өзүнүн жаңы кампусу пайда болорун айтышты

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүСтуденттик кампус. Иллюстративдик сүрөт
Студенттик кампус. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2023
Жазылуу
Долбоорду 2-3 жылда ишке ашырууну пландап жатышат.
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Кыргыз-Россия Славян университетинин (КРСУ) өзүнүн заманга бап келген кампусу салынат. Бул туурасында аталган окуу жайдын ректорунун милдетин аткаруучу Денис Фомин-Нилов билдирди.
Ал үчүн студенттик шаарчанын эскизинин долбоорун иштеп чыгууга архитектуралык сынак жарыяланган.
Жетекчинин айтымына караганда, университеттин заманбап инфраструктурасы, жашаганга, билим алганга, илим, спорт менен алектенгенге, эс алганга ылайыктуу кампусу болушу зарыл.
"Өзүбүздүн базабыз болгону жакшы нерсе. Анда үч гектар жер бар. Азырынча бош бойдон турат, жанында архитектура жана дизайн факультети (Туңгуч району) орун алган. Заманбап кампустун курулушу үчүн баары даяр. Россиялык стандарт менен алганда үч гектар жерге 75 миң чарчы метрге чейинки жай курса болот", — деди Фомин-Нилов.
Долбоорду 2-3 жылда ишке ашырууну пландап жатышат.
КРСУ имараты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2023
КРСУ жаңыланып, атайын макамга ээ болот
Жаңылыктар түрмөгү
0