Шевченко Грассо менен болчу үчүнчү беттешти Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады

© AP Photo / John LocherКыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архив
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко Алекса Грассо менен боло турган үчүнчү беттешти Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады.
Эскерте кетсек, кыргызстандык жана мексикалык спортчулардын реванш беттеши өткөн дем алышта өтүп, тең эсеп менен аяктаган. Бул Грассого чемпиондук курун сактап калууга мүмкүнчүлүк берди.
Беттештен кийин Шевченко дароо эле UFC калыстары акыркы чечимди басым алдында кабыл алганын билдирген. Бул күнү Мексика Көз карандысыздык күнүн белгилеп жаткандыктан беттешти көрүүгө абдан көп күйөрман чогулган.
"Үчүнчү беттешти Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүндө өткөрүү акыйкат болмок. Кыргызстандыктар да, өлкө бийлиги да муну колдомок... Менин беттештеримди КР өкмөтүнөн атайын учуп келип көргөндөр болгон, мага колдоо көрсөтүшкөн. Өлкө президенти Садыр Жапаров да ММА менен тааныш, мен үчүн анын колдоосу абдан маанилүү", — деди мушкер кыз MMA Hour телеканалына берген маегинде.
Шевченко Грассодон ушул жылдын мартында жеңилип калган. Раунддар боюнча жеңип келе жатып, төртүнчү бөлүктө Грассо муунтуу ыкмасы менен утуп кеткен. Бул Шевченконун 2017-жылдан берки алгачкы жеңилүүсү эле. Беттештен кийин дароо реванш талап кылган.
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2023
Валентина Шевченко: акыйкат беттеште жеңиш мен тарапта болмок
Жаңылыктар түрмөгү
0