Эки ирет үйлөнүп, эки ирет жесил калган. Советбек Жумадыловдун таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоосун улантат.
© Sputnik / Александр Федоров
Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр жана кино жылдызы Советбек Жумадылов келинчеги Сагын Имакеева жана уулу Эдил менен түшкөн сүрөтү 1977-жылы Чоң-Кеминде тартылган.
Ал жылы Касымалы Жантөшевдин "Каныбек" чыгармасынын негизинде кинорежиссёр Геннадий Базаров тасма тартууга киришкен эле.
Советбек Жумадыловдун уулу Марат Жумадылов ал учурду мындайча эскерет:
"Атам жеке жашоосунда оор күндөрдү өткөрдү. Өз апам алгач Ташкентте ооруп калып, 1974-жылы Фрунзеде кургак учуктан каза болгон. Ошондо атам Азат, Канат жана мен болуп үч уулу менен жалгыз калган. Биз чоң эненин, таякелердин тарбиясын алып өстүк. Эки жылдан кийин атам кайра үйлөнүп, Эдил, Элнура аттуу уул-кыздуу болгон. Сүрөттө атамдын экинчи аялы Сагын Имакеева жана кичүү иним Эдил. Экинчи апам телевидениеде режиссёр болуп иштечү. Ал 50 жашка чыкканда дарыгерлер башында залалдуу шишик бар деп операция жасап, ак халатчандардын колунда каза болуп калган. Ошентип атам жесил калды. Атам үйдө бизди такыр урушчу эмес. Башкача карап койчу, дароо эле түшүнчүбүз. Ал кезде атамдын чыгармачылыгы да оргуштап турган маал, үйдө деле оңгулуктуу көрчү эмеспиз. Театрдан кечинде чыгып алып радиого көркөм окуганы, дубляжга жөнөчү. Ал жактан түн ортосунда келип кайра эртең менен эрте жумушка кетчү. Жайкысын эле каникулга тараган маалда кинофильмдерге тартылганы кеткенде ала кетчү. Бул сүрөт да кезектеги тасмага роль жаратканы барганда тартылыптыр", — деди Жумадылов.
Жаштайынан байлардын колунда малай болгон Каныбектин жашоо-турмушу чагылдырылган кинокартинага Сабира Күмүшалиева, Алиман Жангорозова, Бакен Кыдыкеева, Насыр Кытаев, Турсун Уралиев, Асанкул Куттубаев, Сүймөнкул Чокморов, Чоро Думанаев, Мария Кутманалиева, Жекшенаалы Арсыгулов, Аман Камчыбеков, Дүйшөн Байдөбөтов жана Оштогу өзбек театрынын актёрлору катышкан.
Тема боюнча:
Мурат Мамбетовдун тушоосу кесилген. "Ак куулар конгон айдың көлдөгү" таберик сүрөт
"Кыргыз кереметинин" бир бучкагын тарткан сүрөтчүлөр. Душанбедеги таберик сүрөт
Ак илбирске көз салган киночулар. Океев менен Борбиевдин таберик сүрөтү
Боомдо 50 жыл мурун тартылган. Базаров менен Думанаевдин таберик сүрөтү
Жаңылыктар түрмөгү
0