Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

КМШнын чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XVII форуму Россияда өтөт

© Sputnik / Асел АкматМаданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Айнура Асанбаева
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Айнура Асанбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2023
Жазылуу
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Айнура Асанбаева Бишкекте өткөн форум ийгиликтүү жыйынтыкталгандыгын айтты.
КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын кийинки форуму Россияда өтөт. Бул тууралуу Айнура Асанбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
КМШнын чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XVII форуму Россияда өтөт
Анын айтымында, аталган иш-чара бул жолу Кыргызстанда 12-13-сентябрда экинчи ирет уюштурулду.
"КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XVI форуму ийгиликтүү өткөндүгүн келген коноктор баса белгилешти. Бул иш-чарага катышкан ар бир өлкөнүн өкүлдөрү өз тармагында мыкты адистер. 15-16-сентябрь күндөрү чет мамлекеттен келген меймандарды узаттык. Форум расмий ачылыш, панелдик талкуулар менен өттү. Анда төрт багыт боюнча кеп козголду. КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү тармагы, жаш ыктыярчылардын социалдык көйгөйлөрдү чечүүдөгү орду, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жана маданият темасына арналган талкуу аянтчалары уюштурулду. КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын форумун бул жолу Кыргызстан экинчи ирет өткөрдү. Кийинки жылы уюштуруу эстафетасын Россия алды", — деди Асанбаева.
Ал аталган форум пандемия учурунда бир жыл уюштурулбай калгандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0