КМШ жана ШКУнун алгачкы антитеррордук машыгуусу эртең Кыргызстанда өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековУКМКнын Бишкектеги антитеррордук машыгуусу. Архив
УКМКнын Бишкектеги антитеррордук машыгуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2023
Жазылуу
Машыгууну Бишкектин четинде өткөрүү пландалган.
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Эртең Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги жана Шанхай кызматташтык уюмунун биргелешкен алгачкы антитеррордук машыгуусу Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Борбор калаада КМШга мүчө өлкөлөрдүн террорчулук жана экстремизм менен күрөшүү боюнча I конференциясы өтүп жатат. Машыгууну 21-сентябрда Бишкектин четинде өткөрүү пландалган.
"Эл аралык уюмдардын кызматташтыгынын алкагында күч-аракеттерди бириктирүү демилгеси жамааттык коопсуздугубузга келтирилген коркунучтарды алдын алуу үчүн масштабдуу чараларды көрүүгө түрткү болот. Мындай жалпы иштерге Кыргызстандын салымы — КМШ жана ШКУнун алкагында "Евразия-Антитеррор-2023" антитеррордук машыгууларды өткөрүүсү. Бул мындай багыттагы биринчи тажрыйба болуп саналат", — деди Ташиев конференцияда.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2023
Ташиев террорчулук менен биргелешип күрөшүүнүн маанисине токтолду
Жаңылыктар түрмөгү
0