Токтогул көчөсүнүн түндүк тарабындагы ири бөлүккө унаа токтотууга тыюу салынды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Бишкектин Токтогул көчөсү. Архивдик сүрөт
 Бишкектин Токтогул көчөсү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Бишкектин мэриясы Токтогул көчөсүнүн түндүк тарабындагы ири бөлүккө автоунаа токтотууга тыюу салды.
Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы жана патрулдук милиция Токтогул көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Жаш гвардия проспектисине чейинки бөлүгүнө 3.27 белгисин орното баштады. Бул нерсе велосипед үчүн эки тараптуу тилке чийүү үчүн жасалууда.
Мэрия жол эрежесин бузгандардын автоунаасы эвакуациялана турганын эскертти.
Бишкектин Түштүк магистралындагы автобус линиясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2023
Мэр: шаардыктардын көбү автобустар үчүн сары тилке идеясын колдоду
Жаңылыктар түрмөгү
0