Алиев Армения жетекчилиги Карабахта компетенттүүлүгүн көрсөткөнүн айтты

© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүАзербайжан президенти Ильхам Алиев. Архив
Азербайжан президенти Ильхам Алиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2023
Жазылуу
Өлкө башчы эгер Карабахтагы мыйзамсыз куралдуу топ максатынан кайтпаса, Азербайжан "аягына чейин бармактыгын" белгилеген.
БИШКЕК, 21-сен. – Sputnik. Армениянын жетекчилиги Карабахта компетенттүүлүгүн көрсөттү, Баку бул кадамды баалайт. Мындай билдирүүнү Азербайжан президенти Ильхам Алиев жасаганын РИА Новости жазды.
"Армения жетекчилиги кечээ, бүгүн капыстан саясий компетенттүүлүгүн көрсөттү. Муну биз баалап, маанилүү фактор катары карайбыз", — деген ал улутка кайрылып жатып.
Эгерде Карабахта мыйзамсыз куралдуу топ максатынан кайтпаса, Азербайжан "аягына чейин бармактыгын" белгилеген.
Алиев Армения тарап алардын шарттарын кабыл алса аскерлер көрүп жаткан чаралар токтотуларын билдирген.
"Тилекке каршы, алар ок чыгарбоо шартын толугу менен сактаган жок, ал жарыялангандан кийин биздин аймактар аткылоого алынды", — деген кайрылуусунда.
Азербайжандын Коргоо министрлиги 19-сентябрда "локалдык мүнөздөгү антитеррордук иш-чараларды" баштагандыгын, бул Тоолуу Карабахтагы конституциялык түзүмдү калыбына келтирүү үчүн жасалганын билдирген. Ереван болуп жаткан нерселерди агрессия деп атап, армян бөлүктөрү Карабахта жок деп билдиришкен. Бир суткадан соң россиялык тынчтык орнотуучулардын ортомчулугу менен Карабахтагы согуш отун токтотуу сүйлөшүлгөн. Каралган шарттардын ичинде армян куралдуу топторун куралсыздандыруу жана оор техникаларды алып чыгып кетүү болгон.
Россиянын Коргоо министрлиги тараптарды чатакты тез токтотуп, сүйлөшүүнү улантууга чакырган. Россиянын аскер ведомствосунан РФтин тынчтык орнотуучулары жабыркагандарга медициналык жардам уюштуруп, Карабахтын кооптуу райондорунан жай жашоочуларды эвакуациялагандыгын белгилешти. Кийинчерээк РФ ТИМи тараптарды кан төгүүнү, согушту токтотуп жай жарандардын арасында жоготууга жол бербөөгө дагы бир ирет чакырган. Андан сырткары, 2020-жылдын ноябрында түзүлгөн үч тараптуу келишимдин токтоосуз аткарылышына кайтып келүүгө да чакырык таштаган.
Степанакертте аткылоодон жабыркаган автоунаа - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2023
Карабахта жаңжалды токтотуу макулдашылды. Армения армиясын чыгарып кетет
Жаңылыктар түрмөгү
0