Экономика министринин 8 орун басарынын төртөө кыскарат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЭкономика министрлиги. Архивдик сүрөт
Экономика министрлиги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Коомчулукта көп сындалган экономика министринин орун басарлары кыскартылат. Бул туурасында министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов парламентте билдирди.
Учурда экономика министри Данияр Амангелиевдин сегиз орун басары бар, анын бири санариптик тармакты тескейт.
Сейитовдун айтымында, өкмөттөн төрт орун басар гана калсын деген сунуш келген. Бул боюнча учурда чечим даярдалган, бирок бекитиле элек. Жакында чечим кабыл алынат.
Белгилей кетсек, жыл башында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да Экономика министрлиги өз милдеттерин аткара албай жатканын айтып, "ошончо көп орун басар эмне кылып отурат" деп сындаган.
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2023
Министрлерди "не тормози" деп коюңузчу. Депутат ундун кымбатташын сынга алды
Жаңылыктар түрмөгү
0