Кулак-мурду кесилген келинге сегиз саат операция жасалды. Учурдагы абалы

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүОперация учурунда хирургдар. Архив
Операция учурунда хирургдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2023
Жазылуу
Дарыгерлер кесилген органдар камдашар-камдашпасын айтыша элек.
БИШКЕК, 21-сен. – Sputnik. Күйөөсү сабап, кулак-мурдун кескен сокулуктук келинге сегиз саатка чукул операция жасалып, азыр абалы орточо оор болуп турат. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Учурда жабырланган бейтап реанимациядан бет-жаак бөлүмгө которулуп, медиктердин көзөмөлүндө.
Келинди кечээ Сокулук райондук ооруканасынан Улутук госпиталга алып келип, анан операция жасашкан. Дарыгерлер кесилген органдар камдашар-камдашпасын айтыша элек.
Эске салсак, кечээ, 20-сентябрда, милиция Селекция аймагында жашаган аялдын бети-башы бычакталып, кулак-мурду кесилгенин билдирген. Буга шектүү катары анын 39 жаштагы күйөөсү кармалып, аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон.
ЖМКлар кол салган киши анын ажырашкан күйөөсү, алардын эки баласы бар экенин жазды. Ал эми эркек буга чейин соттолуп, аялын байма-бай ур-токмокко алып жүргөн.
Аялды муунтуп жаткан адам. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2022
Сузактагы каргаша: аялын кызганычтын айынан өлтүрүүгө шектелген күйөө кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0