Акжол Махмудовдун финалдагы атаандашы Санан Сулейманов тууралуу эмне белгилүү

© Photo / United World Wrestling / Kadir CaliskanАзербайжандык балбан Санан Сулейманов. Архивдик сүрөт
Азербайжандык балбан Санан Сулейманов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2023
Жазылуу
Балбандар 77 килограмм салмак категориясы боюнча килемге чыгат.
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов бүгүн дүйнө чемпионатынын финалында азербайжандык Санан Сулейманов менен алтын медаль үчүн күрөшөт.
Мелдештер Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат. Sputnik Кыргызстан Махмудовдун каршылашы тууралуу маалымат чогултту.
Балбандар 77 килограмм салмак категориясы боюнча килемге чыгат. Сулейманов финалга жеткенге чейин финляндиялык Жонни Сарккиненди (5:1), АКШдан келген Камаль Амир Бейди (8:0), молдовалык Александрин Гутуну (3:1) жана казакстандык Демеу Жадраевди (5:1) жеңип алган. Ал эми жарым финалда армениялык атаандашы Малхаз Амоянды 5:0 менен утуп чыкты.
Сулейманов 27 жашта, кыргызстандык балбандан төрт жашка улуу. 2012-жылдан тарта күрөш боюнча эл аралык мелдештерге катыша баштаган.

Жетишкендиктери

Кадеттер жана жаштар арасындагы Европа чемпионатынын коло байгесинин ээси.
2018-жылы 23 жашка чейинки (U23) балбандар арасында дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынган. 2020-жылы Европа чемпиону болгон.
Ал эми 2021-жылы Норвегиянын Осло шаарында өткөн дүйнө чемпионатында экинчи орунду ээлеген. Анда алтын байге үчүн күрөштө россиялык белгилүү балбан Роман Власовго утулган.
Чемпионат мира по борьбе в Белграде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2023
Ура! Айсулуу Тыныбекова үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болду
Жаңылыктар түрмөгү
0