Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Энергетика министрлигинин күз-кыш мезгилине даярдыгы кандай?

© Sputnik / Асель СыдыковаЭнергетика министрлигинин электр энергетикасындагы мамлекеттик саясат башкармалыгынын башчысы Өмүрбек Жеӊишбеков
Энергетика министрлигинин электр энергетикасындагы мамлекеттик саясат башкармалыгынын башчысы Өмүрбек Жеӊишбеков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2023
Жазылуу
Энергетика министрлигинин электр энергетикасындагы мамлекеттик саясат башкармалыгынын башчысы Өмүрбек Жеӊишбеков Кыргызстанда 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык кызуу жүрүп жатканын айтты.
Республика боюнча жалпы электр энергиясын керектөө 17 миллиард 400 миллион киловатты түзөт. Анын 14,2 миллиард киловаттын өзүбүз өндүрсөк, дефицит болгон 3,2 миллиард киловатт электр энергиясы Түркмөнстан (1,7 млрд), Казакстан (577 млн), Өзбекстан (146 млн) жана Россиядан (873 млн) импорттолот. Бул тууралуу Өмүрбек Жеӊишбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Энергетика министрлигинин күз-кыш мезгилине даярдыгы кандай?
Анын айтымында, эгер керектөөчүлөр электр энергиясын колдонууда техникалык шарттарда көрсөтүлгөн эрежелерди сактабаса, мажбурлап жөнгө салуу чаралары көрүлөт.

"Элди күз-кыш мезгилинде электр энергиясы менен толук кандуу камсыздоо суу агымынан көз каранды. Кыргызгидромет быйыл суу сактагычка 107 пайыз суу келет деп божомолдосо, иш жүзүндө 93 пайыз агып келди. Эл үчүн 182,5 миң тонна көмүр камдоо боюнча сентябрь айынын планы 159,6 пайызга (291,2 миң тонна) аткарылды. Бюджеттик мекемелер үчүн 61,4 миң тонна көмүр даярдалды. Газ менен жылытууга 390 миң абонент кошулду. Бардык ГЭСтерде оңдоо иштери жүргүзүлүп, анын ичинде Токтогул ГЭСинин экинчи агрегаты ноябрь айына чейин ишке берилет. Ошондой эле ири трансформатордук көмөк чордондордун кубаттуулугу жогорулатылды", — деди Жеӊишбеков.

Ал үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,7 миллиард куб метрди түзөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0