ИИМ өмүрүнө коркунуч жаралган аялдар үчүн тиркемени ишке киргизүүгө ниеттенүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековКелин смартфон менен. Иллюстративдик сүрөт
Келин смартфон менен. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2023
Жазылуу
Мындай ыкманы түркиялык тартип сакчылары кыргызстандык кесиптештерине сунушташкан.
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. ИИМ жакын арада коркунучтуу абалга туш болгон кыз-келиндерге жардам берчү тиркемени ишке киргизет. Бул тууралуу мекемеден маалымдады.
Министрлик бул боюнча өлкөдө болгон резонанстуу окуя – аялдын кулак-мурду мурдагы күйөөсү тарабынан кесилген чуудан улам билдирүүдө.
Маалыматка ылайык, "Кадес" тиркемесин түркиялык укук коргоочулар кыргызстандык кесиптештерине сунушташкан.
Анда өмүрүнө же саламаттыгына коркунуч жаралганын байкаган аялдар экрандагы тиркеменин баскычын басат. Андан кийин ал аялдын дареги дароо милицияга маалымдалат да, милиция кызматкерлери аз убакыт ичинде ага келүүгө мүмкүнчүлүк жаралат.
Сөз менен жеген күйөөгө кантип туруштук берүү керек? Психологдун видеомаеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2023
Сөз менен жеген күйөөгө кантип туруштук берүү керек? Психологдун видеомаеги
Жаңылыктар түрмөгү
0