Россия бензин, дизель экспортуна тыюу салды, анын Кыргызстанга тиешеси жок

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүБензовоз. Архивдик сүрөт
Бензовоз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2023
Жазылуу
Россия өкмөтү күйүүчү майдын баасын ички рынокто турукташтыруу үчүн чектөө киргизди.
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Россияда күйүүчү-майлоочу майды экспорттого салынган тыюулардын Кыргызстанга тиешеси жок. Бул туурасында РФ өкмөтүнүн токтомунда жазылган.
Россия өкмөтү күйүүчү майдын баасын ички рынокто турукташтыруу үчүн чектөө киргизген. Документте экспорттун эмбаргосу ЕАЭБ өлкөлөрүндө жайылтылбай турганы белгиленген.
Эскерте кетсек, Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү болуп саналат. Анда индикативдик баланс болот — бул Россиядан күйүүчү майды пошлинасыз ташып келүү лимити. Быйылкы жылга 460 миң тонна бензин жана 485 миң тонна дизель каралган.
Өлкөдөгү дизель жана бензиндин басымдуу бөлүгү Россиядан ташып келинет.
Жер семирткич заводу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2023
АКШ Россиядан рекорддук көлөмдө жер семирткич сатып алды
Жаңылыктар түрмөгү
0