2-октябрдан тарта унаа терезелерин караңгылатуу акысы азаят. Акция

© AP Photo / Ed AndrieskiАвтоунаа караңгылатуулган терезелер менен. Архив
Автоунаа караңгылатуулган терезелер менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2023
Жазылуу
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, өнөктүк 60 күнгө созулат.
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстанда 2-октябрдан тарта автоунаалардын каптал айнектерин караңгылатуу акысын арзандатуу акциясы башталат. Бул тууралуу "Унаа" мамлекеттик мекемеси билдирди.
Маалыматка ылайык, акция 60 күнгө созулат, тагыраагы, 30-ноябрда бүтөт. Бул боюнча министрлер кабинетинин токтому кабыл алынган.
Тарифтер убактылуу төмөнкүдөй болуп арзандатылат:
Кыргызстандын жарандары үчүн — 50 миң сом (учурда 80 миң);
Юридикалык жактар үчүн — 70 миң сом (учурда 100 миң);
Чет өлкөлүк жарандар үчүн — 90 миң сом (учурда 120 миң).
Арзандатылган баада унаа терезелерин караңгылатуу үчүн айдоочулар "Унаа" мекемелеринин бардык бөлүмдөрүнө кайрылса болот.
Белгилей кетсек, былтыр май айынан тарта темир тулпарлардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин акы төлөп караңгылатууга уруксат берилген. Бир жылдын аралыгында андан 236 миллион сом түшкөнү айтылган. ИИМ терезелерин караңгылатууга уруксат алууну каалаган адамдардын саны өспөй, мурдагы деңгээлде эле калганын айтууда. Мындан улам элге ыңгайлуу жана жагымдуу шарт түзүү үчүн акция өткөрүүнү демилгелешкен.
Бишкекте жол кыймылын Патрулдук милиция кызматкери жөнгө салат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2023
ЖКККББ айып пулдун 33 млн. сомдук туумун чогултуу үчүн 122 млн. сом коротту
Жаңылыктар түрмөгү
0