Садыр Жапаровдун Нью-Йорктогу сапары карыды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСадыр Жапаров АКШга болгон иш-сапары менен Нью-Йорк шаарында
Садыр Жапаров АКШга болгон иш-сапары менен Нью-Йорк шаарында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2023
Жазылуу
Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн башка лидерлери жана АКШнын президенти Жо Байден менен бирге Нью-Йорк шаарында өткөн "Борбор Азия жана АКШ" мамлекет башчыларынын биринчи саммитинин ишине катышты.
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Садыр Жапаровдун АКШга болгон иш-сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчы 18-сентябрда БУУнун саммитинин ишине — туруктуу өнүгүү максаттары боюнча саммиттин лидерлеринин диалогуна катышты.
Ошол эле күнү Садыр Жапаров мамлекет башчылары жана каржы мекемелеринин жетекчилери — БУУнун өнүктүрүү программасынын администратору Аким Штайнер, Финляндиянын президенти Саули Ниинистё, Азия өнүктүрүү банкынын башкаруучу башкы директору Вуучонг Ум, Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммад Сулайман Аль Джассер, Ирандын президенти Сейед Эбрахим Раиси менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПервый Саммит глав государств "Центральная Азия и США" в Нью-Йорке
Первый Саммит глав государств Центральная Азия и США в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2023
Эки тараптуу жолугушуулардын жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана башка тармактарда байланыштарды бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду.
19-сентябрда мамлекет башчысы БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Ошол эле күнү Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн башка лидерлери жана АКШнын президенти Жо Байден менен бирге Нью-Йорк шаарында өткөн "Борбор Азия жана АКШ" мамлекет башчыларынын биринчи саммитинин ишине катышты.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПервый Саммит глав государств "Центральная Азия и США" в Нью-Йорке
Первый Саммит глав государств Центральная Азия и США в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2023
Күндүн экинчи жарымында президент БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү.
20-сентябрда Жапаров Кореянын президенти Юн Сок Ёль менен жолугуп, анда өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын негизги аспектилерин талкуулашты. Андан соң Нью-Йорк шаарында Садыр Жапаров БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолукту.
Ошондой эле Эл аралык валюта фондунун башкаруучу-директору Кристалина Георгиева менен жолугуп, ЭВФ менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, ошондой эле глобалдык экономикалык кырдаалды өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
20-сентябрь күнү кечинде мамлекет башчысы Нью-Йорктун мэри менен бейрасмий жолугушуу өткөрүп, эки өлкөнүн шаарларынын ортосунда өз ара байланыштарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү тууралуу пикир алмашты.
Сапардын акыркы күнү — 21-сентябрда Садыр Жапаров инновациялык иштеп чыгуулар боюнча дүйнөдөгү алдыңкы жана ири медициналык компаниялардын бири болуп саналган "Медтроник" медициналык компаниясынын жетекчилиги менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Мындан тышкары, Садыр Жапаровдун америкалык Oppenheimer Asset Management көп улуттук инвестициялык банктын жана компаниянын жетекчилиги, америкалык ири финансылык жана инвестициялык компаниялардын өкүлдөрү менен ишкердик баарлашуусу болуп өттү.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПервый Саммит глав государств "Центральная Азия и США" в Нью-Йорке
Первый Саммит глав государств Центральная Азия и США в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2023
Мамлекет башчысы ошондой эле Уолл-Стритте жайгашкан Нью-Йорк фондулук биржасына (NYSE) барып, биржанын иши менен таанышып, тооруктун жүрүшүнө байкоо салды.
Иш сапары аяктап, 22-сентябрда президент Садыр Жапаров Бишкек шаарына кайтып келди.
Рабочий визит президента КР Садыра Жапарова Нью-Йорк - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2023
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
Жаңылыктар түрмөгү
0