Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

ЖМК: Киев АКШ берген куралы түгөнсө кадамы кандай болорун ойлонуштурган эмес

© AP Photo / Sergei GritsУкраиналык техника. Архивдик сүрөт
Украиналык техника. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2023
Жазылуу
Украинада бул маселе боюнча талкуулар жүрбөгөнү айтылды.
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Украинанын бийлиги АКШ берген курал-жарак түгөнүп калса кандай аракеттерди көрөрүн ойлонуштурган эмес. Бул тууралуу Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Алексей Данилов Американын PBS телеканалына билдиргенин РИА Новости жазды.
“Бизде "Б" планы боюнча өзүнчө талкуулар жүрүп жатат деп айта албайм”, — деген аткаминер.
Маегинде ал Киевдин Батыштагы өнөктөштөрү орус-украин жаңжалындагы жеңиш деп эсептеген нерселер боюнча жалпы пикирге келе албай жатканына тынчсыздануусун билдирген.
"Батыш Украинанын жеңиши кандай болору боюнча бир пикирге келе элек. Алар жеңиш эмес, жардам жөнүндө кеп кылышууда... Эгерде бизде жеңиш болбосо, анда өлкөнүн бар экендиги жана конфликт убакыттын маселеси гана болот", — деген Данилов.
Жума күнү АКШ басылмалары Вашингтон Киевге ATACMS ракеталарын жөнөтүү чечимин жакынкы убакытта кабыл алышы мүмкүндүгүн жазган. Бирок Американын администрациясы Украинанын суранычтарын расмий канааттандыра элек. Ал эми Россия буга байланыштуу НАТО өлкөлөрүнө нааразычылык нотасын жөнөткөн.
Америкалык ишкер Илон Маск. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Ушунчалык көп. Илон Маск Украина армиясынын жоготуулары жөнүндө айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0