Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

ЖМК: Байден Киевге чачырама октор менен ATACMS ракетасын берүүнү чечти

© Photo / White Sands Missile Range Public Affairs / John HamiltonATACMS ыкчам-тактикалык ракеталары. Архивдик сүрөт
ATACMS ыкчам-тактикалык ракеталары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2023
Жазылуу
Кошмо Штаттардын адегенде жакын аралыкта ракеталардын азыраак бөлүгүн жиберери айтылууда.
БИШКЕК, 23-сен. — БИШКЕК. АКШнын президенти Жозеф Байден Украинага ATACMS ыкчам-тактикалык ракеталарын берүүнү чечкенин РИА Новости Financial Times басылмасына шилтеме кылып билдирди.
Гезит бул туурасында өзүнүн маалымат берген булактары айтып бергенин жазган.
"Вашингтон чачырама октор менен жабдылган бир эле согуштук дүрмөттүү эмес ракеталар (ATACMS - ред.) версиясын жөнөтөт”, — деп кабарлаган басылма.
АлАКШ адегенде жакынкы мезгилде ракеталардын азыраак бөлүгүн жиберерин айткан. Чечимдин Владимир Зеленский АКШга келе электе кабыл алынгандыгы, бирок Байдендин администрациясы бултуурасында жар салбай турууну эп көргөнү жазылган.
“Бул Россияга эскертилбей туруп жасоо максатында ташталган кадам болгон”, — деген ал.
Россия буга чейин Украинага курал-жарак берип жатканы үчүн НАТОго мүчө өлкөлөргө нааразылык нотасын жиберген. РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Украинага багытталган кандай гана курал-жарак жүктөлгөн жүк Россиянын мыйзамдуу бутасы болорун айткан. Кремль Украинанын тишине чейин куралдандыруу орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликтүү болушуна өбөлгө боло албашын жана мындан негативдүү жыйынтык чыгышы мүмкүн экендигин айткан.
Лавров АКШ менен НАТО Украинадагы жаңжалга түздөн-түз катышып, чырды "курал жөнөтүп эле эмес, Улуу Британия, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдө кадрларды даярдап" дагы создуктуруп жатканын белгилеп келет.
Байытылган уран бар снаряддар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын АКШдагы элчилиги Киевге берилчү урандуу снаряддар боюнча үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0