50 жаштан өткөндөр үчүн кандай көнүгүүлөр пайдалуу? Адистин түшүндүрмөсү

© Sputnik / Александр Викулов / Медиабанкка өтүүЙога менен алектенген улгайган адамдар. Архив
Йога менен алектенген улгайган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2023
Жазылуу
Бул курактагыларга кардиокөнүгүүлөрдү жасоого көп маани берүү сунушталды.
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору 50 жаштагы жана андан өткөн адамдар үчүн зарыл болгон дене тарбиялык көнүгүүлөрдү сунуштады. Борбордун билдирүүсүндө белгиленгендей, 50 жаштан өткөндөн кийин адамдын физикалык жөндөмдөрү төмөндөйт.
Аялдар арасында жүрөк-кан тамыр оорулары көбөйөт. Бул гормоналдык өзгөрүүлөрдөн – эстрогендин деңгээлинин төмөндөгөнүнөн болот.
"50 жаштагылар жана андан өткөндөр аптасына жок дегенде эки жолу денеге күч келтирип машыгып турушу керек. Бул аракеттер булчуң массалардын сакталышына жардам берет. Мындан тышкары, аптасына эки ирет көнүгүүлөрдү жасоо – жөө басуу же чуркоо сунушталат. Ошол эле учурда машыгууларды йога, гимнастика менен толуктоого да болот. Бул машыгуулар адамдын бир салмакта жүрүшүнө шарт түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Колунда телефон кармаган ашыкча салмактуу бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2023
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Жаңылыктар түрмөгү
0