Кыргыз-казак форумундагы 60 млн. доллардан ашык келишим. Дагы эмнелер сүйлөшүлдү?

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев Кыргыз-казак форуму
 Кыргыз-казак форуму - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2023
Жазылуу
Тараздагы форумга Кыргызстандын бардык облустарынан барышкан.
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Аймак аралык кыргыз-казак форумунда эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда 60 миллиондон ашык долларды түзгөн коммерциялык макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлады.
Аймак аралык кызматташууга, диалогго өбөлгө боло турган форум Казакстандын Тараз шаарында өттү. Ага Кыргызстандын министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров менен Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов катышкан.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

Аймак аралык кыргыз-казак форумунда эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда 60 миллиондон ашык долларды түзгөн коммерциялык макулдашууга кол коюлду.

Аймак аралык кыргыз-казак форумунда эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда 60 миллиондон ашык долларды түзгөн коммерциялык макулдашууга кол коюлду. - Sputnik Кыргызстан
1/3

Аймак аралык кыргыз-казак форумунда эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда 60 миллиондон ашык долларды түзгөн коммерциялык макулдашууга кол коюлду.

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

Аймак аралык кызматташууга, диалогго өбөлгө боло турган форум Казакстандын Тараз шаарында өттү.

Аймак аралык кызматташууга, диалогго өбөлгө боло турган форум Казакстандын Тараз шаарында өттү. - Sputnik Кыргызстан
2/3

Аймак аралык кызматташууга, диалогго өбөлгө боло турган форум Казакстандын Тараз шаарында өттү.

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

Ага Кыргызстандын министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров менен Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов катышкан.

Ага Кыргызстандын министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров менен Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов катышкан. - Sputnik Кыргызстан
3/3

Ага Кыргызстандын министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров менен Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов катышкан.

1/3

Аймак аралык кыргыз-казак форумунда эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда 60 миллиондон ашык долларды түзгөн коммерциялык макулдашууга кол коюлду.

2/3

Аймак аралык кызматташууга, диалогго өбөлгө боло турган форум Казакстандын Тараз шаарында өттү.

3/3

Ага Кыргызстандын министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров менен Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов катышкан.

“Форум эки тарапка тең пайдалуу жаңы долбоорлор жана демилгелер менен коштолуп, экономикалык, соода, инвестициялык байланыштарды арттырууга жана диверсификациялоого, биздин өлкөлөрдүн аймактарынын ортосундагы ишкердик, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө жаңы түрткү болот деп ишенем. Аймактар аралык кызматташуу ар дайым биздин өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн көңүл борборунда экендигине бардыгын ишендиргим келет. Ошондуктан бул форумга Кыргызстандын бардык жети облусунун жетекчилери келишти”, — деген Жапаров.
Ал аймактар ортосунда бекем мыйзамдык базанын бар экендигин белгилеген. Алар — аймак-шаар ортосунда бир тууган шаарлардын мамилелерин түзүү жөнүндөгү документтер, достук мамилелер, ишкердик кызматташтык жөнүндөгү, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу жөнүндөгү келишимдер экенин айткан.
Жапаров бир тууган шаар мамилелерин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү жаңы меморандумдар өндүрүштүк-техникалык продукцияларды, сырьёлорду, эл керектөөчү товарларды, азык-түлүк жана жашылча-жемиштерди өз ара жүгүртүүдө жагымдуу шарт түзүлөрүн билдирген.
Форумдун алкагында КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Казакстандын Актөбө облусунун акимчилигинин ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндө меморандум, Ош жана Шымкент калааларынын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндөгү меморандумга кол коюлган.
Алихан Смаилов Кыргызстандын инвесторлоруна жана ишкерлерине Казакстандын аймагында инвестициялык ишмердүүлүктү жүргүзүүдө колдоо көрсөтүүгө ар дайым даяр экендигин билдирди.
11-е заседание Межправительственного совета Кыргызской Республики и Республики Казахстан в Таразе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2023
Суу маселеси, чек арадагы текшерүү көйгөйү. А. Жапаров Казакстанда көтөргөн суроолор
Жаңылыктар түрмөгү
0