Өзбекстан: 71 бала ууланып, антиструминди пайдаланууга убактылуу тыюу салынды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүДары-дармек. Архивдик сүрөт
Дары-дармек. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2023
Жазылуу
Наманган облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгы учурда балдардын абалы канааттандырарлык экенин, алардын 20сы ооруканадан чыгарылганын кабарлады.
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Өзбекстанда 71 бала уулангандан кийин антиструминди (калий йодиди) пайдаланууга убактылуу тыюу салынганын Sputnik Өзбекстан жазды.
Мындай чара Наманган облусунун Чуст районунда 21-сентябрда 71 бала тамакка ууланып ооруканага түшкөндөн кийин көрүлгөн. Бөбөктөр эти ысып, ичи ооруп, өтүп жана кускан абалда дарыгерлерге кайрылган.
Өзбекстандын бардык аймагында 20-сентябрда башталган йоддоштуруу программасынын алкагында балдар мектептерде жана бала бакчаларда йод кошулмаларын ала баштаган.
Бул окуя Наманган облусунун Чуст районунда болгон, башка аймактардан мындай уулануу туурасында кабар түшкөн эмес.
Наманган облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгы учурда балдардын абалы канааттандырарлык экенин, алардын 20сы ооруканадан чыгарылганын кабарлады.
Ишти учурда прокуратура карап жатат. Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги антиструминди (Өзбекстандын өндүрүшүнөн чыккан) колдонууну тез арада токтотуу чечимин кабыл алды. Калган чаралардын лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлгөндөн соң көрүлөрүн билдиришти.
Sputnik Өзбекстан бул иштин иликтениши президент Шавкат Мирзиёевдин көзөмөлүндө экенин жазды.
Майыптыгы бар кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2023
19 жаштагы балдар инсульт болууда. Кыргызстанда майыптык кантип аныкталат?
Жаңылыктар түрмөгү
0