Алдыдагы аптага карата Кыргызстан боюнча аба ырайынын божомолу

© Sputnik / Табылды КадырбековЖамгырдуу аба-ырайында бараткан аял. Архивдик сүрөт
Жамгырдуу аба-ырайында бараткан аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2023
Жазылуу
Түштүк аймактарында күн 27 градуска чейин ысыйт.
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги 24-30-сентябрь аралыгында боло турган аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Синоптиктердин божомолунда, алдыдагы апта жаан-чачындуу болот.
Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй жана Талас облустары

Жуманын башында күн ачык болот. 27-30-сентябрь күндөрү тоолуу райондордо жамгыр жаашы күтүлөт, ал эми дыйканчылык аймактарда күндүн көзү бузулбайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

24-25-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 26-сентябрда күндүз тоолуу райондордо жаан жаайт. Эртеси күн ачылып, 28-сентябрдан тарта аба ырайы кайрадан жаан-чачындуу болот.

Ысык-Көл жана Нарын облустары

Аптанын башында күн ачык болот. 27-30-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Бишкекте суук түшкөндө кол чатыр кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2023
Катуу суук түшөбү? Октябрга карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0