БШК Ленин округунан шайланган Кубанычбек Самаковго мандат тапшырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБорбордук шайлоо комиссиясын имараты. Архив
Борбордук шайлоо комиссиясын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2023
Жазылуу
Аталган округда кайра шайлоо 10-сентябрда өткөн.
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Ленин округунан шайланган Кубанычбек Самаковго мандат тапшырды.
Аталган округда кайра шайлоо 10-сентябрда өткөн. Анда 24 талапкердин ичинен эң көп — 5 273 добуш алган Самаков утуп чыккан.
© Фото / пресс-служба ЦИК КРКандидат в депутаты ЖК по Ленинскому району Кубанычбек Самаков
Кандидат в депутаты ЖК по Ленинскому району Кубанычбек Самаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2023
Белгилей кетсек, Ленин округундагы мөөнөтүнөн мурда шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан улам өткөн. Март айында ал ресторандын алдынан күзөт кызматкерин сабап салган. Бул окуядан кийин Абиров депутат болууга моралдык укугу жок экенин айтып мандатын тапшырган.
Буга байланыштуу 28-майда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Анда алдыга чыккан Дамира Ниязалиева добуштарды сатып алууга шектелип шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган. Экинчи орунду талапкер Улан Сариев ээлеген, бирок анын дагы алган добуштары жокко чыгарылган. Мындан улам ал шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2023
Акаев: "Альянсты" эле эмес, бийликчил депутаттардын да дипломун текшериш керек
Жаңылыктар түрмөгү
0