Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Айыкпас дарт. Кутурмадан кантип коргонуу керек?

© Sputnik / Асель СыдыковаКарантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Бектурдуев
Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Бектурдуев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2023
Жазылуу
Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Бектурдуев кутурма өлүмгө алып келүүчү инфекция экенин айтты.
Кутурманын негизги таратуучулары – жолбун иттер болуп саналат. Бул тууралуу Кубанычбек Бектурдуев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Айыкпас дарт. Кутурмадан кантип коргонуу керек?
Анын айтымында, кутурма айыкпас дарт, убагында эмдөө жүргүзүү менен кишини аман алып калууга болот.
"Кутурма үй жана жапайы жаныбарлардын шилекейи аркылуу жугат. Андыктан ит же жапайы жаныбар тиштегенден кийин дароо дарыгерге кайрылып, вакцина алуу абдан маанилүү. Эгер тиштегенден кийин бир нече убакыт өтүп кетип, бейтапта кутурманын клиникалык көрүнүштөрү байкалса, анда аны сактап калуу мүмкүн болбой калат. Кыргызстанда кутурмадан жылына 1-2 өлүм катталат. Ал эми жыл сайын жүзгө жакын адамды жаныбарлар тиштеген учурлар болот. Кутурма жуктурган кишиде оорунун белгилери 14 күндөн 90 күнгө чейин, кээде бир жылга чейинки убакытта байкалат. Оору адамдын жашына, жаныбар тиштеп алган жерине, жаракаттын оор же жеңил экендигине байланыштуу өнүгөт. Мисалы, жаракат баш же бетте болсо кыска, ал эми бут жакта болсо оорунун өнүгүү мезгили узак убакка созулат. Оорунун өнүгүүсү үч этапка бөлүнөт. Башында тиштелген жер ачышып, кызарып, шишип чыгат. Вирус нерв жолдору менен жүрүп отуруп, мээни жана жүлүндү катуу жабыркаткандыктан адамдын ички дүйнөсүндө жана психикасында өзгөрүүлөр пайда болот. Суудан, үндөн, жарыктан корко баштайт. Элден бекинип, көпчүлүктү жактырбай жалгыздыкты самайт. Башы ооруп, алсырап, тамакка табити тартпайт. Экинчи этапта кутуруп, ары-бери чуркап, көзү кызарып, шилекейи агып, тер басат. Бул учурда адам башкаларга кол салышы мүмкүн. Кийинки этапта ооруган адам тынчтанып, коркунуч сезими жоголот да, өзүнө келип, денеси шал болуп каза табат", — деди Бектурдуев.
Ал кутурманын вирусу жапайы жаныбарлардан тарагандыктан бул инфекциядан толук арылуу мүмкүн эместигин кошумчалады.
28-сентябрь — кутурма оорусуна каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү.
Жаңылыктар түрмөгү
0