Инвесторду коркутуп акча талап кылган деп ишкер жана анын уулу кармалды

© AP Photo / Peter DejongКишенчен киши. Архивдик сүрөт
Кишенчен киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2023
Жазылуу
Кылмыш иши жаңы Ак үйдүн курулушунда иштеп жаткан жумушчулар менен байланыштуу.
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Чет элдик инвесторлордон 200 миң доллар талап кылды деген шек менен кыргызстандык ишкер Төлөнбай Нурбаев жана анын 22 жаштагы уулу Ислам Нурбаев кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба президента КР

Кыргызстандык ишкер Төлөнбай Нурбаев

Кыргызстандык ишкер Төлөнбай Нурбаев - Sputnik Кыргызстан
1/3

Кыргызстандык ишкер Төлөнбай Нурбаев

© Фото / пресс-служба МВД КР

22 жаштагы Ислам Нурбаев

22 жаштагы Ислам Нурбаев - Sputnik Кыргызстан
2/3

22 жаштагы Ислам Нурбаев

© Фото / пресс-служба МВД КР

26 жаштагы М.Ф. аттуу чет элдик жаран

26 жаштагы М.Ф. аттуу чет элдик жаран - Sputnik Кыргызстан
3/3

26 жаштагы М.Ф. аттуу чет элдик жаран

1/3

Кыргызстандык ишкер Төлөнбай Нурбаев

2/3

22 жаштагы Ислам Нурбаев

3/3

26 жаштагы М.Ф. аттуу чет элдик жаран

Алар менен кошо 26 жаштагы М.Ф. аттуу чет элдик жаран да колго түшкөн.
Билдирүүгө ылайык, 24-сентябрь күнү ИИМдин тергөө кызматына Х.С. аттуу башка мамлекеттин жараны арыз менен кайрылган. Анда ал 2023-жылдын 22-августунан 16-сентябрына чейинки убакытта Нурбаев баласы жана дагы М.Ф. аттуу киши ок атуучу курал менен анын үй-бүлөсүнө зыян келтиребиз деп коркутушканын айткан. Ошондой эле башка өлкөнүн үч жаранын Х.С. президенттик администрациянын жаңы имаратын куруп жаткан жумушчулардын ар биринен 150 миң сомдон алган деп арыз жаздырууга мажбурлашкан.
"Т.Н. 16-сентябрь күнү саат 21:00 чамасында Бишкектеги үйлөрдүн биринде арыздануучу менен жолугуп, аны каматам деп жогорку кызматтагы адамдардын аты менен коркуткан. Укук коргоо органдары ага карата материалдарды чогултуп жаткандыгы тууралуу калпты токуган. Эртеси ага каршы жумушчулар арыз жазганын айтып шантаж кылуу менен 200 миң доллар талап кыла башташкан", — деп айтылат маалыматта.
24-сентябрь күнү Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалоо") менен кылмыш иши козголгон. Анын алкагында 45 жаштагы Төлөнбай Нурбаевдин жашаган жерине тинтүү жүргүзүлүп, анын BMW X7 үлгүсүндөгү унаасынан баңгизат, темир кастети жана 11 даана патрон табылган.
Кылмышка шектүү жарандар ошол эле күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Ошол эле учурда президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев шектүү бизнесмен болгонун билдирди. Анын айтымында, Нурбаев жогорку даражалуу аткаминерлер менен байланышы бар экенин айтып, "керек болсо силерди жок кылам" деп инвесторлорду коркуткан.
"Өлкө башчысын адаштырып коёбуз же ал эч нерсе билбей калат" дегендер болсо катуу жаңылышат. Арам ойлорун ишке ашырам дегендер үчүн абакта орундар жетиштүү", — деп жазды Султанбаев.
Буга чейин Төлөнбай Нурбаев Асман шаарына инвестор тартып келүү менен алектенип жатканын айтып жүргөн. 2021-жылкы парламенттик шайлоодо "Азаттык" партиясы менен ат салышкан.
Колу кишенделген адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2023
Баш прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0