ИИББ: Сокулукта үч жыл катары менен төрөп, балдарын сатып жүргөн келин кармалды

© AFP / ANNE-CHRISTINE POUJOULATБалалуу аялдар үчүн түрмө. Архив
Балалуу аялдар үчүн түрмө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Сокулук районунда үч баласын сатып жиберген деп келин кармалганын Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарына шектүүнүн А.А. аттуу 28 жаштагы мурунку күйөөсү кайрылып, балдарын катып көрсөтпөй жаткан 22 жаштагы Д.Н. аттуу мурунку аялына карата чара көрүүнү өтүнгөн.
"Д.Н. 2021-жылы кыздуу болуп, аны Москва районунун тургунуна сатып жиберген. 2022-жылы 28-апрелде көз жарып, уулун 40 миң сомго саткан. 2023-жылы 16-мартта кыз төрөп, 100 миң сомго саткан", — деди милициядан.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Д.Н. кармалып, камакка алынганы айтылды. Балдардын кайда экени аныкталган.
Бала терезеден карап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2022
Кыргызстандык келин 7 жашар уулун Россияда саткысы келгенби? ТИМдин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0