Окуусун таштап театрга качкан Жамал Сейдакматова. Актрисанын сүрөттөрү

Жазылуу
КР эл артисти Жамал Сейдакматованын көзү тирүү болгондо быйыл 84 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар инсандын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Жамал Сейдакматова 1939-жылы 21-сентябрда жарык дүйнөгө келген. Ысык-Көлдүн Темир айылында өсүп, Фрунзеде билим алган. Мектепти аяктаган соң ата-энесинин каалоосу менен Москвадагы Жеңил өнөр жай институтуна тапшырган. Табиятынан маданиятка жакын студент 2-курста окуусун таштап, борбор калаадагы театрга кирип алган. Болочоктогу атактуу актрисанын жөндөмүн ал жактагы Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова байкап, 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына кабыл алдырган. Сахнада Сейдакматова лирикалык, драмалык, комедиялык ондогон образдарды жаратып, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында 32 жылдай эмгектенген. Кийин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты өзү "Тунгуч" театрын негиздеп, жаш таланттарга жол ачкан. Андан сырткары, 20дан ашык тасмада түрдүү образ жаратып, 2021-жылы 16-февралда узакка созулган оорудан улам 82 жашында дүйнө салган.
© Sputnik / Александр Федоров

Үсөнжан Ибрагимовдун "Таштагы жылмаюу" кинокартинасында актриса Жамалдын образында, 1974-жыл

Үсөнжан Ибрагимовдун "Таштагы жылмаюу" кинокартинасында актриса Жамалдын образында, 1974-жыл - Sputnik Кыргызстан
1/15

Үсөнжан Ибрагимовдун "Таштагы жылмаюу" кинокартинасында актриса Жамалдын образында, 1974-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

Төлөмүш Океевдин "Отко таазим" тасмасында Үтүр устанын (Сүймөнкул Чокморов) ат арабанын үстүндө бала-бакырасы менен отурган зайыбы (Жамал Сейдакматова) жана аларды кетиргиси келбеген Уркуя (Таттыбүбү Турсунбаева). 1971-жыл. Ошол тасмада актрисанын боюнан түшүп калган

Төлөмүш Океевдин "Отко таазим" тасмасында Үтүр устанын (Сүймөнкул Чокморов) ат арабанын үстүндө бала-бакырасы менен отурган зайыбы (Жамал Сейдакматова) жана аларды кетиргиси келбеген Уркуя (Таттыбүбү Турсунбаева). 1971-жыл. Ошол тасмада актрисанын боюнан түшүп калган - Sputnik Кыргызстан
2/15

Төлөмүш Океевдин "Отко таазим" тасмасында Үтүр устанын (Сүймөнкул Чокморов) ат арабанын үстүндө бала-бакырасы менен отурган зайыбы (Жамал Сейдакматова) жана аларды кетиргиси келбеген Уркуя (Таттыбүбү Турсунбаева). 1971-жыл. Ошол тасмада актрисанын боюнан түшүп калган

© Sputnik / Александр Федоров

КР эл артисти 32 жылдай Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында иштеген. Сүрөттө устаты Сабира Күмүшалиева менен

КР эл артисти 32 жылдай Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында иштеген. Сүрөттө устаты Сабира Күмүшалиева менен - Sputnik Кыргызстан
3/15

КР эл артисти 32 жылдай Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында иштеген. Сүрөттө устаты Сабира Күмүшалиева менен

© Sputnik / Александр Федоров

КР эл артисти Болот Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кинофильминде роль жараткан Жамал Сейдакматова менен Сүймөнкул Чокморов

КР эл артисти Болот Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кинофильминде роль жараткан Жамал Сейдакматова менен Сүймөнкул Чокморов - Sputnik Кыргызстан
4/15

КР эл артисти Болот Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кинофильминде роль жараткан Жамал Сейдакматова менен Сүймөнкул Чокморов

"Кыргыз кереметинин" башында тургандар. Жамал Сейдакматова, Чыңгыз Айтматов, Бакен Кыдыкеева

"Кыргыз кереметинин" башында тургандар. Жамал Сейдакматова, Чыңгыз Айтматов, Бакен Кыдыкеева - Sputnik Кыргызстан
5/15

"Кыргыз кереметинин" башында тургандар. Жамал Сейдакматова, Чыңгыз Айтматов, Бакен Кыдыкеева

© Sputnik / Александр Федоров

Сейдакматова актрисалык жогорку билими жок эле өз кесибинин майын чыгарган

Сейдакматова актрисалык жогорку билими жок эле өз кесибинин майын чыгарган - Sputnik Кыргызстан
6/15

Сейдакматова актрисалык жогорку билими жок эле өз кесибинин майын чыгарган

© Фото / из семейного архива Шамшиевых

КР эл артисттери: Жамал Сейдакматова, Советбек Жумадылов, Айтурган Темирова жана СССРдин эл артисти Болот Шамшиев. Фрунзе шаары, 1970-жылдар

КР эл артисттери: Жамал Сейдакматова, Советбек Жумадылов, Айтурган Темирова жана СССРдин эл артисти Болот Шамшиев. Фрунзе шаары, 1970-жылдар - Sputnik Кыргызстан
7/15

КР эл артисттери: Жамал Сейдакматова, Советбек Жумадылов, Айтурган Темирова жана СССРдин эл артисти Болот Шамшиев. Фрунзе шаары, 1970-жылдар

© Sputnik / Александр Федоров

КР эл артисти 20дан ашык тасмада түрдүү образдарды жараткан

КР эл артисти 20дан ашык тасмада түрдүү образдарды жараткан - Sputnik Кыргызстан
8/15

КР эл артисти 20дан ашык тасмада түрдүү образдарды жараткан

© Sputnik / Александр Федоров

СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен КР эл артисти Жамал Сейдакматова Океевдин "Улан" тасмасында роль жараткан эпизод. Ысык-Көл облусу, 1977-жыл

СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен КР эл артисти Жамал Сейдакматова Океевдин "Улан" тасмасында роль жараткан эпизод. Ысык-Көл облусу, 1977-жыл - Sputnik Кыргызстан
9/15

СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен КР эл артисти Жамал Сейдакматова Океевдин "Улан" тасмасында роль жараткан эпизод. Ысык-Көл облусу, 1977-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

Кинорежиссёр Дооронбек Садырбаевдин "Акбаранын көз жашы" тасмасындагы чыгармачыл топ. Сүрөттө Жамал Сейдакматова, Советбек Жумадылов жана Дооронбек Садырбаев

Кинорежиссёр Дооронбек Садырбаевдин "Акбаранын көз жашы" тасмасындагы чыгармачыл топ. Сүрөттө Жамал Сейдакматова, Советбек Жумадылов жана Дооронбек Садырбаев - Sputnik Кыргызстан
10/15

Кинорежиссёр Дооронбек Садырбаевдин "Акбаранын көз жашы" тасмасындагы чыгармачыл топ. Сүрөттө Жамал Сейдакматова, Советбек Жумадылов жана Дооронбек Садырбаев

© Фото / Александр Федоров

"Ак илбирстин тукумундагы" сулуулар: солдон оңду карай Гүлсара Ажыбекова, Жамал Сейдакматова, Гүлнара Чокубаева

"Ак илбирстин тукумундагы" сулуулар: солдон оңду карай Гүлсара Ажыбекова, Жамал Сейдакматова, Гүлнара Чокубаева - Sputnik Кыргызстан
11/15

"Ак илбирстин тукумундагы" сулуулар: солдон оңду карай Гүлсара Ажыбекова, Жамал Сейдакматова, Гүлнара Чокубаева

© Sputnik / Александр Федоров

Чырайлуу Айтурган Темирова жана Жамал Сейдакматова канадалык кесиптештери менен. 1982-жыл

Чырайлуу Айтурган Темирова жана Жамал Сейдакматова канадалык кесиптештери менен. 1982-жыл - Sputnik Кыргызстан
12/15

Чырайлуу Айтурган Темирова жана Жамал Сейдакматова канадалык кесиптештери менен. 1982-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

Жамал Сейдакматова 1990-жылы "Тунгуч" театрын ачып, чыгармачыл топтун башында турган. Сүрөттө театрдын артисттери

Жамал Сейдакматова 1990-жылы "Тунгуч" театрын ачып, чыгармачыл топтун башында турган. Сүрөттө театрдын артисттери - Sputnik Кыргызстан
13/15

Жамал Сейдакматова 1990-жылы "Тунгуч" театрын ачып, чыгармачыл топтун башында турган. Сүрөттө театрдын артисттери

© Sputnik / Нургуль Максутова

Жамал Сейдакматова келини, кызы жана неберелери менен

Жамал Сейдакматова келини, кызы жана неберелери менен - Sputnik Кыргызстан
14/15

Жамал Сейдакматова келини, кызы жана неберелери менен

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

II жана III даражадагы Манас орденинин ээси өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин шайыр, шайдоот жүргөнгө аракет кылган

II жана III даражадагы Манас орденинин ээси өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин шайыр, шайдоот жүргөнгө аракет кылган - Sputnik Кыргызстан
15/15

II жана III даражадагы Манас орденинин ээси өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин шайыр, шайдоот жүргөнгө аракет кылган

Тема боюнча:
Жетим өсүп жетилген... Абдыганы Эркебаевдин сүрөттөгү өмүр жолу
"Жамийлада" Сейит, "Бакайдын жайытында" Калык... Назирет Дубашевдин сүрөттөрү
Көп кырдуу талант... 65 жашка чыккан Күмөндөр Абыловдун сүрөттөгү ирмемдери
Далайдын дартына даба тапкан Сабырбек Жумабеков. Хирургдун жашоосунан сүрөт баян
Чыгармалары менен дүйнө кезген Султан Раев 65 жашта. Сүрөт баян
Жаңылыктар түрмөгү
0