Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Германия Киевге эски, иштен чыккан техникасын жөнөткөнүн мойнуна алды

© AFP / TOBIAS SCHWARZГерманиянын ТИМ башчысы Анналена Бербок. Архивдик сүрөт
Германиянын ТИМ башчысы Анналена Бербок. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2023
Жазылуу
Министрдин айтымында, Украинага жөнөтүлгөн немецтик куралдардын бир катары аларга туура келчү снаряддар кошо жиберилбегендиктен иштебей калышы мүмкүн.
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Германиянын ТИМ башчысы Анналена Бербок CNN телеканалына берген маегинде Берлин Киевге эски же жарактан дээрлик чыгып калган техника жөнөткөнүн мойнуна алган. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Убада берип эле койгон көмөктөшүү дегендик эмес, андан кийин же аны жөнөтө албайсың, же иштебеген нерсени бересиң. Биздин жардамдын ичинде өтө эски үлгүдөгүлөр болгон, муну башында эле билгенбиз жана айтканбыз", — деген ал.
Бербок куралды ок-дары менен бирге берүү зарылдыгын белгилеп, анын кечиктирилишин кошумча макулдашуунун керектиги менен түшүндүргөн.
Анын айтымына караганда, Украинага жөнөтүлгөн немецтик бир катар куралдар менен ага туура келчү снаряддар кошо жиберилбегендиктен иштебей калышы мүмкүн.
Министр Берлин Киевге алыскы аралыкка учуучу Taurus ракетасынын берилишин так кесе айта албастыгын, аны ким башкарарын жана башка майда-чүйдөсүн тактоо да "убакытты аларын" кошумчалаган.
Эске салсак, майдын аягында ал кезде Украинанын коргоо министри болуп турган Алексей Резников Германияны 500 чакырымга чейин учуучу Taurus канаттуу ракеталарын берүүгө чакырган. Аткаминердин айтымында, эгерде бундесвер андай куралды бере албаса, анда Украинага "дал азыр" зарыл болуп жаткан куралды немец өкмөтү жасап, чыгара башташы керек.
Сентябрда Бербок Германия Киевге бул ракеталарды бербестигин, Украина Куралдуу күчтөрүн Россиянын түпкүрүн көздөй аткылашынан саксактаганын белгилеген. Украиналык кесиптеши Дмитрий Кулеба аны кекээрлеп, "баары бир бересиңер" деп жооп кылган. "Убакыт өтүп жатканын, эмнеге кармап жатканын түшүнбөстүгүн" да кошумчалаган.
Taurus ракетасын Киев бийлигине берүү маселесинде кызыл чеке талашты анын 500 чакырымга чейин уча турган мүмкүнчүлүгү жараткан эле. Берлин азыркыга чейин мындай мүнөздөмөдөн улам принципиалдуу түрдө Украинанын Куралдуу күчтөрүнө бербей келет. Немец эксперттик чөйрөсүндө ракетаны Россиянын аймагына чабуул койбогудай кылып программалап койсо болобу деген суроо талкууланган. Spiegel басылмасынын маалыматына караганда, дал ушул маселе канцлер Олаф Шольцту да кызыктырат. Учурда аскердик өнөр жай өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Leopard 2 танкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Мындайды күткөн эмес". Батыш өрттөлгөн "Леопарддардын" эсебин чыгарды
Жаңылыктар түрмөгү
0