Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мурзаев: 50 күнгө пландалган "Жалбыз" телесериалы 30 күндө тартылды

© Sputnik / Асел Акмат"Жалбыз" телесериалынын режиссеру Ринат Мурзаев
Жалбыз телесериалынын  режиссеру Ринат Мурзаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2023
Жазылуу
"Жалбыз" телесериалынын режиссеру Ринат Мурзаев аталган тасманын 2-сезонун тартууда чыгармачылык топ берилүү менен иштегендигин айтты.
"Жалбыз" телесериалы 50 күнгө пландалып, бирок 30 күндө эле тартылып бүткөндүгүн Ринат Мурзаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Мурзаев: 50 күнгө пландалган "Жалбыз" телесериалы 30 күндө тартылды
Анын айтымында, аталган сериалдын сценарийин төрт жыл мурда Жеңишгүл Өзүбекова жазган.
"Бул телесериалдын 1-сезону 12 сериядан турат. Ага агайыбыз Мурат Мамбетов режиссерлук кылган. 2-сезонун тартып баштаардан мурда үч ай даярдандык. Мага сериалдын терең мааниси жаккандыктан долбоордо иштегим келди. Локация издеп, караштырып жүрдүк. Акырында Каркыра жайлоосуна токтолдук. Анткени ал жакка көп эл барбайт экен. Турист аз баргандыктан таштанды жок, таза, жаратылышы ажайып. Бишкектен сегиз сааттык жол экенине карабай 50дөй киши бардык. Тартуу иштери 50 күнгө пландалган, 30 күндө аяктадык. Командабыз жаш деп көп жерде айтылууда. Чыгармачыл топто иштегендердин эң улуусу 37 жашта. Топ чарчоону билбей иштеди", — деди режиссер.
Ал сериал канчалык деңгээлде ийгиликтүү тартылгандыгына эл баа берерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0