Эксперт: АКШ Борбор Азия өлкөлөрүн "жарга такап" башташы мүмкүн, тобокелдик бар

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев АКШнын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн желектери
АКШнын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн желектери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2023
Жазылуу
Эсен Усубалиевдин айтымында, "С5+1" саммитинин жыйынтыгынан жана олуттуу билдирүүлөрдүн жоктугунан саксынуу керек.
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. АКШнын Борбор Азия мамлекеттерин өз-өзүнчө алып жарга такай башташы мүмкүн, мындай тобокелдик бар. Бул туурасында "Разумные решения" аналитикалык борборунун директору, тарых илимдеринин кандидаты Эсен Усубалиев Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн тегерек столдо билдирди.
Иш-чарада Душанбеде өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин саммитинен кийинки жыйынтык талкууланды. Андан сырткары, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагындагы "С5+1" саммитинин жыйынтыгы тууралуу сөз болду.
Усубалиевдин айтымында, "С5+1" саммитинин жыйынтыгынан жана олуттуу билдирүүлөрдүн жоктугунан кооптонуш керек.
© Sputnik / Акбар АкжигитовКруглый стол "Итоги встречи президентов стран ЦА и ситуация в регионе"
Круглый стол Итоги встречи президентов стран ЦА и ситуация в регионе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2023
"Бир жагынан алганда баары Борбор Азия, Кытай, Россия саммитинин жыйынтыгындагыдай салмактуу нерселерди күтүшкөн. Чындыгында бул олуттуу фактор болуп калышы мүмкүн: АКШ азыр ар бири менен өз-өзүнчө иштейт, кимисин жарга такаарын биз билбейбиз", — деди Усубалиев.
Россия жана Кытай желектери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2023
Пресс-борбор
Аналитик: Россия менен Кытайдын ынтымакта болушу Борбор Азияга пайдалуу
Жаңылыктар түрмөгү
0