Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Министрлик бишкектиктерди коомдук транспортко өтүүгө чакырды

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектеги аялдамадан жүргүнчүлөр троллейбуска отуруп жатышат. Архив
Бишкектеги аялдамадан жүргүнчүлөр троллейбуска отуруп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2023
Жазылуу
Кыргызстанда баш-аягы 1,5 миллион транспорт болсо, анын 450 миңи Бишкекте.
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Бишкек калаасында 450 миңге чукул автоунаа бар. Автотыгын маселесин чечиш үчүн эки-үч машинасы барлар коомдук транспортко өтүшү керек. Бул туурасында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Бишкек — Аламүдүн аймактык башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Шаршеев билдирди.
Аткаминер Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык борборунда өткөн "Бийлик ыш менен кантип күрөшөт" деп аталган брифингге катышкан.
Анын айтымында, Кыргызстанда баш-аягы 1,5 миллион транспорт болсо, анын 450 миңи Бишкекте.
© Sputnik / Асел АкматЖаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Бишкек — Аламүдүн аймактык башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Шаршеев
Директор Бишкек-Аламунского регионального управления МПРЭиТН Нурлан Шаршеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2023
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Бишкек — Аламүдүн аймактык башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Шаршеев
"Эгер ушунча сандагы автокөлүктүн ар бири шаарга чыкса, автотыгын көйгөйүн чече албайбыз. Бизде көп үй-бүлөлөрдө эки-үчтөн автоунаа бар. Ыңгайлуулук, комфорт деген нерселерге караганда элдин, муундун ден соолугу алда канча маанилүү. Андыктан коомдук транспортко өтүш керек", — деди Шаршеев.
Түштүк магистралдагы автобустар үчүн чийилген сары сызык. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2023
Бишкек: автобустарга бөлүнгөн сары тилкеге башка автоунаалар жүрө алат. Шарты
Жаңылыктар түрмөгү
0