Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Тигүү цехтеринен чыккан калдык зыянсыз өрттөлүп жатат. Жаңы жабдуу орнотулду

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүТигүү өндүрүшү үчүн материалдар. Архивдик сүрөт
Тигүү өндүрүшү үчүн материалдар. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2023
Жазылуу
Атайын жабдуу Бишкектеги полигонго орнотулган.
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Борбор калаадагы санитардык полигонго текстиль өндүрүшүнөн чыккан калдыкты экологияга зыян келтирбестен өрттөгөн атайын жабдуу орнотулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Бишкек – Аламүдүн аймактык башкармалыгынын башчысы Нурлан Шаршеев брифингде билдирди.
Иш-чара Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн.
"Акыркы маалыматтар боюнча, текстиль өндүрүшүнөн күнүнө 80 тонна таштанды чыгат. Полигонго ошол акыр-чикирди өтө жогорку температурада өрттөп жок кылган жабдуу орнотулду. Абаны булгабайт, күл чыкпайт, түтүн да болбойт", — деди Шаршеев.
Ал таштандыны кайра иштеп чыгуу керектигин, бирок Кыргызстанда азырынча андай мүмкүнчүлүк жок экенин белгиледи.
Бишкек шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2023
Пресс-борбор
Бишкектеги ыш менен күрөшүү үчүн кандай иштер аткарылууда? Министрликтин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0