Караколдо Жапаровго кайрылып таанылган 11 жаштагы Бекболот изделип жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековМектеп окуучусу. Архив
Мектеп окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдө Садыр Жапаровго кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган 11 жаштагы Бекболот Турдушев изделип жатат. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка караганда, баланын атасы Каракол милициясына кайрылып, 5-класста окуган уулу 25-сентябрь күнү саат 15:00дөр чамасында достору менен көчөгө чыгууга суранып кеткен бойдон дайынсыз экенин айткан.
Бекболот Ысык-Көлдүн Балбай айылынын тургуну. Ал 2021-жылы айылдагы мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп президентке кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган. Андан соң президент балбайлык окуучу менен жолуккан.
Өспүрүм кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2022
Бишкекте жоголгон 15 жаштагы Ширин Жунушакунова табылды
Жаңылыктар түрмөгү
0