Садыр Жапаров Берлинде өтчү "ФРГ — Борбор Азия" саммитине катышат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстан президенти Садыр Жапаров менен Германия президенти Франк-Вальтер Штайнмайер. Архивное фото
Кыргызстан президенти Садыр Жапаров менен Германия президенти Франк-Вальтер Штайнмайер. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2023
Жазылуу
Борбор Азия лидерлери Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен да жолугушмакчы.
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 29-сентябрда Берлин шаарында биринчи жолу өтө турган "ФРГ — Борбор Азия" саммитинин ишине катышат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Анын айтымында, Жапаров федералдык канцлер Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, анын жүрүшүндө кыргыз-герман кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, экономикалык кызматташууну кеңейтүү, экология жана климаттын өзгөрүшү маселелерин талкуулоо пландаштырылууда.
"Сапардын алкагында Садыр Жапаров менен Борбор Азиянын башка лидерлери Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер, ошондой эле "Германия экономикасынын Чыгыш комитети" ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен биргелешкен жолугушуусуна катышат", — деди Азымбакиев.
Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарындагы (АКШ) Бириккен Улуттар Уюмунун катчылыгынын имаратында БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолукту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2023
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
Жаңылыктар түрмөгү
0