Догдуркүл Кендирбаева билим берүү министринин милдетин аткармай болду

© Sputnik / Табылды КадырбековДогдуркүл Кендирбаева. Архивдик сүрөт
Догдуркүл Кендирбаева. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Догдуркүл Кендирбаева билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Кендирбаеванын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. Ал буга чейин министрдин орун басары болуп иштеп, "Роза Отунбаеванын демилгелери" фондун башкарган.
Мурдагы министр Каныбек Иманалиев тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулган.
Учкун мамлекеттик басмаканасынын директорунун орун басары Турсунбек Бейшенбеков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2023
Радио
"Учкун": жаңы окуу китептери басылып чыкты, тартыштык үч жылда жоюлат
Жаңылыктар түрмөгү
0